facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

04.09.2023

ИИМдин кызматкерлери тарабынан соцтармакта улут аралык кастыкты козуткан жаран кармалды

ИИМдин кызматкерлери тарабынан соцтармакта улут аралык кастыкты козуткан жаран кармалды

2023-жылдын 2-сентябрында социалдык тармактарда белгисиз жарандын массалык маалымат каражаттарына регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып видеокайрылуу жасаган видеосу тараган.

Аталган факты Бишкек шаардык ИИББнын МЭЖне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган А.С. аттуу жарандын өздүгү такталып, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына  жеткирилген.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-амалдары улантылууда.

Ички иштер министрлиги эскертет, мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.
 
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер