facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.11.2021

ИИМ: Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү

2021-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү.

Гарнизондук саптык кароонун негизги максаты мамлекеттик масштабдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого өздүк курамдын кызмат өтөөсүнүн даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Гарнизондук саптык кароого Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, башкы башкармалыктардын, кызматтардын, башкармалыктардын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Эски аянтка ИИМдин бардык түзүмдүк бөлүктөрү: ИИМдин Атайын багыттагы полкунун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын кызматкерлери, ИИМдин Академиясынын курсанттары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана Ички аскерлеринин аскер кызматчылары катышты.

Өздүк курамга шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамалар берилип, укуктары жана милдеттери тууралуу жеткирилди. Шайлоо күнү шайлоо тилкелерине  11 миңден ашуун милиция кызматкерлери кызмат өтөшөт. Аны менен бирге, ар бир шайлоо участогуна милиция кызматкерлери бекитилет.

Өздүк курам алдында Октябрь Урмамбетов, мамлекеттин туруктуулугу, жарандардын бейпилдиги жана ишеними милициянын бирдиктүү жана сапаттуу кызмат өтөөсүнөн көз каранды экенин айтты.

 “Милициянын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири элдин ишеними экенин биз абдан жакшы билебиз. Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көзөмөлдөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрүүдө ар бирибиз адилет иштеп кыргыз элине ак кызмат кылуу зарыл”, - деп белгиледи.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоодо өз милдеттерин так аткарып, ар бир тартип бузуу фактысына токтоосуздан ыкчам карап чыгып, мыйзамдарды жана тартипти бузууга жол бербей, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо тууралуу билдирди. Милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чоң жоопкерчилик жана эбегейсиз иштер турганын айтты.

Министрдин орун басары, “Ички иштер органдары шайлоо учурунда жетишээрлик деңгээлде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого даяр” – деп баса белгиледи.

Ички иштер министрлигинин бардык түзүмдүк бөлүктөрү шайлоо комиссияларынын коопсуздугун камсыздап, бюллетендерди шайлоо тилкелерине коштоп жеткирүү, шайлоо жабдыктарынын жана иш-кагаздарынын сакталышы боюнча жоопкерчилик ИИОнун кызматкерлерине жүктөлгөн.

2021-жылдын 25-ноябрынан 29-ноябрына чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы “Күчөтөлгөн” күжүрмөн баскычына өткөрүлүп, кызмат өтөшүп, элдик кошуундар менен биргеликте күнү-түнү кызмат өтөөчү посттор уюштурулат. Андан сырткары, республикадагы бардык маанилүү, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык жашоо тиричиликти камсыздоочу объектилер күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер