facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.11.2021

Шайлоого карата Ош облустук  жана шаардык  милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат

2021-жылдын 24-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын  шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоо максатында  Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жана Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн  өздүк курамы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун өздүк курамы жана Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүнүн жоокерлери катышкан горнизондук саптык кароо болуп өттү.

Горнизондук саптык кароонун максаты шайлоо күнүндө коомдук коопсуздукту сактоодо, кызматкерлердин кызматтык формаларынын саптык уставка ылайыктуулугу, сырткы келбетинин жагымдуу көрүнүшү, мыйзамдардын талаптарын так аткаруусу, техникалык каражаттардын оң абалда болуусун көздөн өткөрүү болуп саналат. Бул иш-чарада кызматкерлерге шайлоо учурунда жарандардан келип түшкөн арыз-даттанууларды ыкчам кароону, ыкчам чара көрүү боюнча талап коюлду.  Ар бир кызматкердин бөлүнгөн тилкесинде мыйзам чегинде иш алып барууну, жарандарга карата сылык мамиле кылууну, алдыга койгон кызматтык милдеттерин так аткарууну эскертти. Ыкчам кызматтар тарабынан коомго коркунуч келтирүүчү издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо жана аракеттерине бөгөт коючу багыттама берилди.

 Саптык кароону Кыргыз Республикасынын  ИИМдин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиевдин жетекчилик астында, Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов жана Ош ШИИБдин начальниги Акылбек Мамасеитов менен биргеликте өткөрүшүп, техникалардын жана өздүк курамдын даярдыктары менен таанышып чыгышты. Саптык кароо учурунда Кыргыз Республикасынын  ИИМдин орун басары Н. Абдиев тарабынан  ИИМдин буйруктарын жеткирип алдыда келе жаткан шайлоо күнүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар бир кызматтарга тиешелүү тапшырмалар коюлду жана нускамалар берилди.

Шайлоо күнү  Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жалпысынан 593 шайлоо тилкелеринде 1500дөн ашуун милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөшөт. Мындан сырткары  37 документтештирүү топ, 300гө жакын ыкчам-тергөө тобу күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Ошондой эле  милиция кызматкерлери менен биргеликте 900гө жакын элдик кошуундардын өкүлдөрү жана 150гө жакын Ички иштер органдарынын ардагерлери жардамдашат. Саптык кароодон кийин алыскы райондорго бюллетендерди жеткирүү жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында 25-ноябрь күнү бөлүнгөн кызматкерлер шайлоо тилкелеринде жөнөп кетишет.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер