facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.11.2021

Ички иштер министрлигинде Чыгыш Европа жана Борбордук Азия мамлекеттеринин баңги саясаты боюнча комиссиясы менен жолугушуусу болуп өттү.

2021-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин Биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосуновдун Польша Республиканын экс-президенти, Чыгыш жана Борбордук Европанын жана Борбордук Азиянын баңги саясаты боюнча Глобалдык комиссиясынын мүчөсү Александр Квасневский жана баңги саясаты боюнча Глобалдык комиссиянын мүчөлөрү Павел Бем, Мишель Казачкин, Эльвира Сурабалдиева, Латвия университетинин профессору Андрис Пибаль, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Витенис Андюкайтис менен жолугушуусу болуп өттү. Ошондой эле жолугушууга ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын полковниги Уланбек Султанов катышты. 
Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, баңги кылмыштары менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо, баңги заттарды колдонуунун алдын алууга багытталган натыйжалуу жана туруктуу саясатты иштеп чыгуу, баңги заттарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча бир катар региондук жана республикалык деңгээлде маселелер талкууланды.  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов белгилегендей, “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен баарлашууда ачыктык принцибин олжойт, алардын бири сиздердин комиссия болуп саналат. БУУнун адистештирилген институттарынын жардамы менен Кыргыз Республикасында баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндө натыйжалуу мыйзамдар түзүлдү, бир катар стратегиялык пландаштыруу документтери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңги заттарга каршы күрөшүү программасы кабыл алынды, анда баңги заттарга каршы күрөшүүнүн негизги принциптери түзүлгөн. Бул багыттагы иштер улантылууда. Биз бул жаатта мыйзамдарыбызды жогорку эл аралык стандарттарга жакындатуунун үстүндө иш алып баруудабыз. Ал эми бул маселеде Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баңгизат саясаты боюнча комиссиясы менен өз ара аракеттенүү белгилүү бир оң натыйжаларды бере алат», - деди министрдин биринчи орун басары.
Жолугушуунун соңунда тараптар көп жылдардан бери калыптанып келе жаткан достук мамилелер эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө аракет кыларына ишенимин билдиришти.
Жолугушуу жылуу маанайда өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер