18.08.2023
Амир-Темир кичи шаарчасында жыйын болду
Бүгүн Ош шаарындагы Амир-Темир кичи шаарчасында жергиликтүү активисттердин, дин өкүлдөрүнүн жана тургундарынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйында катышкан жергиликтүү жашоочулардын бардыгы бир ооздон кечээ күнү «Тик-Ток» аркылуу коӊшу мамлекеттин өлкө башчысына кайрылган жердешинин жоругун туура эмес деп белгилешип, өз ой-пикирлерин айтып өтүштү. Алардын бири, жергиликтүү аксакал жашоочу: «Бул провокатор, эл бузар, журт бузар. Элдерибиз эми кайрадан ынтымакта жашап келе жатканда мындай сөздөрдү айтуу туура эмес. Бүтүндөй кичи шаарчабызды элге жаман көрсөттү. Өзүбүздун шаардын, өлкөнүн жетекчилиги турганда коӊшу мамлекеттин жетекчисине арыздануунун эмне зарылчылыгы бар? Жаш адам болсо бир жөн. Бүтүндөй жашоочулар жаман корүп жатышат. Мындай адамдын жакшылыгына дагы, жамандыгына дагы барбайбыз!» деди. Жашоочулар мыйзам чегинде жаза берүүнү колдой тургандыктарын айтышты.
Жергиликтүү эл менен өткөн жыйынга Ош ШИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишов, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Бакыт Матисаков , Амир-Темир аймактык кеӊешинин төрагасы Мухаммадамин Канатов, аймактын имамы катышышты.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы