facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

17.08.2023

Ысык-Көлдүн милициясы казакстандык эс алуучуларга жардам беришти.

Ысык-Көлдүн милициясы казакстандык эс алуучуларга жардам беришти.
Ысык-Көлдүн милициясы казакстандык эс алуучуларга жардам беришти.
Ысык-Көлдүн милициясы казакстандык эс алуучуларга жардам беришти.

Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын 59 жаштагы тургуну Ахмед Исмаилов Ысык-Көлгө сапар алып бара жатып, Чолпон-Ата шаарына кире бергенде, автоунаасы бузулуп токтоп калган. Анын жанында, 62 жаштагы жердеши Абдубакир Хивазов да болгон.
Унаасын жолдун четине токтотуп, айдоочу досу менен көйгөйдү чечүүгө аракет кылышкан. Бирок көйгөй чечилген эмес. Бул учурда, милициянын улук лейтенанты Иманбек уулу Жолдошбек жана милициянын кенже лейтенанты Улан Бекешевдин курамынан турган Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын экипажы өтүп бара жаткан эле. Эс алуучуларды көргөн милиция кызматкерлери дароо токтошуп, өздөрүнүн жардамдарын сунушташкан.
Эс алуучулардын автоунаасын карап чыккан милиционерлер, автоунаанын газ бөлүштүрүүчү куру иштен чыкканын билишти. Кызматтык автоунаасы менен эс алуучаларды дүкөнгө алып келип, керектүү тетикти сатып алышкан. Андан кийин унаада орун алган кемчиликти четтетип, эс алуучуларды бош орундар бар эс алуу жайына узатып келишти.
Эс алуучулар менен милиция кызматкерлери бири-бири менен бекем кол алышып коштошуп, эстеликке сүрөткө түшүштү. Өз кезегинде, эс алуучулар өз жерине келгенде, боорукер жана сылык тартип сакчылары тууралуу жердештерине сөзсүз айтып берерине убада беришти.
Ыссык-Көл ОИИБ Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер