facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

16.08.2023

ИИМ: Бишкек шаарындагы кафелердин бириндеги мушташ боюнча териштирүү  иштери жүрүүдө

2023-жылдын 3-август куну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге О.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, күч колдонуп, денесине залал келтиргендигин билдирип чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына 1993-жылы туулган М.С., 1998-жылы туулган М. Э. жана 1995-жылы туулган М. Э. жарандары жеткирилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бардык зарыл экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа берилет. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер