facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

15.08.2023

Шаардык милиция тоноочулукка шектелген жарандарды кармады

Шаардык милиция тоноочулукка шектелген жарандарды кармады
Шаардык милиция тоноочулукка шектелген жарандарды кармады
Шаардык милиция тоноочулукка шектелген жарандарды кармады
Шаардык милиция тоноочулукка шектелген жарандарды кармады
Шаардык милиция тоноочулукка шектелген жарандарды кармады

2023-жылдын 12-августунда интернет баракчаларда коомдук транспорттун салонунда белгисиз буюм менен куралданган бейтаныш адамдар  жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 10-августунда Р.Г.  атту жаран бейтаныш адамдарга чара көрүү арыз менен кайрылган, арызында көрсөтүлгөн күнү эртең менен саат 08:20 чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортдо бара жатып, накталай акча салынган капчыгынан уурдоого аракет кылган белгисиз адамдар жагдайга байланыштуу, баштаган ишин аягына чыгара албастан, анын жашы жете элек уулусун белгисиз нерсе менен жаракат кылып, изин жашырышкан.  
Ошондой эле, 2023-жылдын 10-августунда  А.Ж. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, арызында үстүбүздөгү жылдын 8-августунда маршруттук таксинин салонунда бара жатып, Redmi 7 маркасындагы уюлдук телефонун жашыруун түрдө  уурдатып жибергенин байкап, кайра кайтарууга аракет кылганда, белгисиз адамдар каршылык көрсөтүп, белгисиз буюм менен сокку-урууга аракет кылышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган  фактылар боюнча райондук бөлүмдөрдүнүн тергөө кызматтары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүп, аларды кармап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Алар 1994-жылы туулган  К.Ж , 2005-жылы туулган А.Р., 2006-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган О.И, 2001-жылы туулган Ж.К., жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар болуп аныкталды.
Кармалган жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын УКЖна киргизилишти, ал эми шектүү 2006-жылы туулган М.Д., камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына киргизилди.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 6 даана ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор табылып, алынган.

Көңүл бургула! Кол салуучулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (990) 77-07-07 же 102 телефондоруна кайрылса болот.

Бишкек ш. ИИББнын Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер