07.08.2023
Нарын облусунун жол тескөөчүлөрү айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат
Нарын ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн улук тескөөчүсү милициянын майору Жунушбаев Болот Өскөналиевич бардык айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырып, Нарын облусунда катталган жол унаа кырсыктарынын негизги себептерин атады:
- Биринчиден айдоочулардын ылдамдыкты ашырып айдоодо, ашып өтүүдө, маневр жасоодо жол кыймылынын эрежелерин толук сактабагандыктары, ошондой эле, спирт ичимдиктерин ичип алып же унаа башкаруу учурунда уктап калуу фактылары себеп болууда.
-Экинчиден унаалардын техникалык абалы. Көпчүлүк айдоочулар, айрыкча “Бишкек-Нарын-Торугарт” жолундагы каттамда такси кызматын көрсөтүшкөн айдоочулар унаалардын техникалык абалына көп көңүл бурушпайт. Бул да жол кырсыктарына себеп болууда.
-Үчүнчүдөн жолдордун абалы. Нарын облусу тоолу аймак болгондуктан, кыш мезгилинин убактысы узак. Ошол себептүү кышкысын жолдор тайгалак болуп, кооптуу учурларда туз, кум өңдүү инерттик каражаттарды себип турабыз.
Урматтуу айдоочулар! Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жогорудагы жол кырсыктарынын келип чыгуу себептерин эске алып, бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Нарын ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы