facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

05.08.2023

Социалдык тармактарда белгисиз адам Некрасов көчөсүндө жүрүп, оозеки чыр-чатак учурунда тапанча менен коркутуп жаткан видео тарады

Социалдык тармактарда  белгисиз адам Некрасов көчөсүндө жүрүп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, оозеки чыр-чатак учурунда белгисиз адам тапанча менен коркутуп жаткан видео тарады. 

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин районунун ички ИИБнын маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын  ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан борбор калаанын аймагында жаран Т.К. 1989-жылы туулган кармалган. Тиешелүү тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө ал өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине белгисиз маркадагы тапанчаны андан ары соттук-баллистикалык экспертиза дайындоо үчүн тапшырган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаран И.С. жазуу жүзүндө арыз берүүдөн баш тартып, анын баш тартуусуна дооматы жок экендиги менен негиздеген.

Учурда тергөө иштери уланууда. 

Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер