facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.11.2021

ИИМ: Үй-бүлөдөгү зомбулук коомго дагы коркунуч жаратат

Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы кыргыз   аялдарынын Ассоциациясы Аял милиционерлер  ассоциациясы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2021-жылдын 15-20-ноябрында «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды камсыз кылууда аял кызматкерлердин катышуусунун өзгөчөлүктөрү» аталышындагы   семинар-тренинг өткөрүштү.

 Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар жана жыл сайын көбөйүп жаткан олуттуу көйгөй. Көйгөйдүн ушул өңүттө коюлушу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы азыркы кырдаалга байланыштуу, мында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чөйрөсүндө иштеген ыйгарым укуктуу кызматкерлер чоң чыр-чатакка айланып кетиши мүмкүн болгон кырдаалдарды жоюуга жөндөмдүү жакшы коммуникаторлор катары иштешет.  

         Бул окууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Акыйкатчы Аппаратынын, Башкы прокуратуранын, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана  УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын  кызматкерлери   катышты. Семинардын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери каралып, талкууланды.

Иш-чаранын катышуучулары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун түрлөрүн талкуулоого активдүү катышып,   пикирлери менен бөлүшүштү. Семинар-тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан мыйзамдык базаны өркүндөтүү, алдын алуу бөлүмдөрүнүн жана субъекттеринин өз ара аракеттенүүсү боюнча ишти жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

 Жыйындын жыйынтыгын чыгарып, эксперттер иш-чаралардын мерчемин белгилешти, аны ишке ашыруу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жардам берет. Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү - өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Үй-бүлөдөгү зомбулук коомдо дагы зомбулукту жаратат.

         Семинардын соңунда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи – Алексей Рогов жана Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы кыргыз  аялдарынын Ассоциациясынын төрагасы –Айдаркул Каана семинардын катышуучуларына сертификаттарды тапшырышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер