23.11.2021
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку “Бактылуу балалык кербени” аталыштагы иш-чарасынын алкагында ачык эшик күнүн өткөрүштү
2021-жылдын 23-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасы Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын “Бактылуу балалык кербени” аталыштагы иш-чарасынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 8-11-класстын окуучулары үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү.
Ачык эшиктин жүрүшүндѳ мектеп окуучулары үчүн курал-жарак, көргөзмөсүн уюштуруп, кызматкерлердин күнүмдүк аткарган кызматы жана күжүрмөн даярдык машыгуу кѳнүгүүлѳрүн кѳргѳздү.
Бул иш-чаранын негизги максаты жашы жете электер арасында укук бузууларды, зордук- зомбулуктарды, кылмыштарды алдын алуу, ошондой эле өсүп келе жаткан жаш муундарыбызды Мекенин сүйүп, коргоого үйрөтүү, коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун, бейпил жашоосун камсыз кылуу менен бирге кызматкерлерибиздин күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда көргөзгөн эрдиктерин муундан-муунга жеткирүү жана ар бир атуулду патриоттуулука тарбиялоо болуп эсептелет.
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы