facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.11.2021

Ош облусунда «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө сайлуу ок атуучу курал алынды

2021-жылдын 20-ноябрь күнү “Арсенал” ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Чоң-Алай районунун тургунунда мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөндүгү боюнча маалымат алынган. Ыкчам маалыматтын негизинде Чоң-Алай районунун тургуну 36 жаштагы М.Н., аттуу жарандын үйүнө барган учурда, 1 даана мыйзамсыз сакталган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү 5,6мм сайлуу найы кесилип кошумча кундак орнотулуп жасалмаланган абалда ок атуучу куралды өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине  тапшырып берген. Андан тышкары  ошол эле райондун жашоочулары 48 жаштагы Н.уулу Ч., жана 60 жаштагы С.А., аттуу жарандардын үйүн тинтүү учурунда  12 даана 5,45 мм Калашников автоматынын октору алынып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-берененин ( Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Алынган курал,  ок-даарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

          Иш-чаранын жүрүшүндө Алай районунун 3 тургунуна аталарынан мураска калган мергенчилик сайсыз куралдар документтештирилип, уруксат кагаздары  берилди.

“Арсенал” алдын алуу иш-чарасына 366 Ош ОИИБдин жергиликтүү райондук ички бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү тартылып, Ош облусунун аймагына кирип-чыккан 2687 авто унаалар, 3976 үй ээлери, 15 соода сатык түйүндөр, 5 мейманкана жана 27 маданий эс алуучу  жайлар текшерилди.

Ошондой эле  каттоодо турган 1032 мергенчиликти сүйүүчүлөр, 75 газ-жарат келтирүүчү куралы бар жарандар жана 3 белекке берилген курал ээлери текшерилди.

Ошону менен бирге, Ош ОИИБдин каттоосунда турган 21 мекеме ишканага тиешелүү кызматтык сайлуу, сайсыз ок атуучу жана газ жарат келтирүүчү ок атуучу куралдарынын, жардыргыч заттарынын сактоо шарттары текшерилди, алардын ичинен сактоосунда жана пайдалануусунда курал жарагы бар 7 мекемелер, 11 жеке кайтаруу мекемеси (ЧОП), 1 өндүрүш мекемесинде пайдалануучу жардыргыч заттарды сактаган кампалар жана 2 курал-жарак сатуучу атайын дүкөндөр текшерилди.

Текшерүү мезгилинде ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 97 жаранга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекстин 84-85-беренелери (Атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу. Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу). боюнча протоколдор түзүлүп жана аларга карата 40000 (кырк миң) сом айып салынды.

Ок атуучу куралды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 даана сайсыз ок атуучу курал кемчилдиктер жоюлганга чейин  ИИОго убактылуу алынды.

Каттоодо турган 1 даана сайсыз ок атуучу курал эскилиги жеткендигине байланыштуу ИИОго ѳткѳрүлүп берилди. 

Каттоодо турган 28 жаран чет өлкөгө миграцияга кеткендигине байланыштуу, алардын ок атуучу куралдарынын жоголуп же уурдалып кетишине, ошондой эле,  ар кандай кокустуктар болуп кетүүсүнө бөгөт коюу максатында курал сакталган жериндеги сейф убактылуу мөөр басылып бекитилди.   

Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан учурда, коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Ош облусунун аймагында 17-ноябрдан 24-ноябрына чейин «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлөт.

Ош ОИИБи жарандарга эскертет!

Ош облусунун аймагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды Ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер