facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.07.2023

ИИМдин көчмө кабылдамасынын кызматкерлери көлдүн жээктеринде эс алуучуларга жана скутерлердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Суунун жээгинде коопсуз эс алуу маданиятын калыптандыруу, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо максатында Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Ал эс алуучулардын жана суу скутерлердин айдоочулары арасында күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жыл сайын Ысык-Көлдө эс алуучулар бир көйгөйгө туш болушат - суу скутерлери нормаларды сактабай, эс алуучулар сүзүп жүргөн жерлерде жакын айдаш.

Ушуга байланыштуу, Ведомстволор аралык көчмө жумушчу топ жеке коопсуздук жана айланадагы адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында, суу скутерлеринин айдоочуларына белгилүү коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана скутер айдоодогу кырсыктардын негизги себептери тууралуу түшүндүрүп кетишти.

Кезектеги түшүндүрүү иш-чаранын жүрүшүндө жумушчу топ Бостери айылынын жана Түп районунун айрым жээктеринде эс алуучуларды жана скутер айдоочуларын текшерип, тактап айтканда, "Борбор эс алуу жай" коттедж шаарчасынын пляжын, "Алтын Кум", "Достук", "Маяк" пансионатын, "Туба" эс алуу үйүн жана "Жетиген" балдар лагерин текшеришти.

Аталган түшүндүрүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин көчмө кабылдамасы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Билим берүү министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Скутер айдоочуларына, «Эң негизгиси, аралыкты сактаңыз, башка адамдардан, скутерлерден жана кайыктардан коопсуз аралыкта болуңуз. Бул кагылышуулардын жана кырсыктардын алдын алууга жардам берет”, -деди ИИМдин КККнын бөлүм башчысы, Таалай Алижанов.

Мындай иш-чаралар адамдарды тартипке салат, жүрүм-турумдун элементардык эрежелерин сактоого чакырат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жаш балдары бар эс алуучуларга өзгөчө көңүл бурушуп, аларга өзгөчө көз салууну суранат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер