24.07.2023
Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун тургундарына эскертүү
2023-жылдын 20-майынан тартып «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Сокулук-Москва бөлүмү жети күндүк график менен иштөөгө өткөн.
Иш күндөрү жана дем алыш күндөрү жарандар жоголгон айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу же калыбына келтирүү, транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу боюнча Сокулук-Москва бөлүмүнө кайрылса болот.
Ошол эле учурда айдоочулук курамды тестирлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин жүргүзүлөөрүн маалымдайбыз.
Бөлүм Шопоков шаары, Машиностроительная көч., 26 А дарегинде жайгашкан.
Маалымат үчүн телефондор: 0312 60-76-34, 0312 60-76-56.
Ошондой эле дем алыш күндөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Бишкек шаардык бөлүм Бишкек ш. Ч.Валиханов, 2 дареги боюнча, Батыш бөлүмү Б.Алыкулов, 3/10 дареги боюнча жана Военно-Антоновка айылындагы «Риом-авто» унаа базарынын аймагында жайгашкан Аймактар аралык бөлүмдөрү иштейт.
Өлкөнүн түштүгүндө дем алыш күндөрү Ош шаардык бөлүмү Ош ш., Касымбеков көч., 30 дареги боюнча, Ош-2 сектору Ош ш., Көкүм-Бий көч.,168 жана Жалал-Абад ш. Шопоков көч., 32 дарегинде жайгашкан. Жалал-Абад региондук бөлүмдөрү иштейт.
Бөлүмдөрдүн жана секторлордун графиги тууралуу толук маалымат алуу үчүн 0999 809 877 номуруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.
КР ИИМнин “Унаа” ММдин Басма сөз кызматы