facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

17.07.2023

ИИМ. Унаа каражаттарынын айнектерин күңүрттөөгө жыйымдардын төлөмүн азайтууну сунуштайт

ИИМ. Унаа каражаттарынын айнектерин күңүрттөөгө жыйымдардын төлөмүн азайтууну сунуштайт

Унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коомдук талкууга алып чыкты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн төмөнкү өлчөмдөрү колдонулаары белгиленсин:

- жеке жак-резиденттер үчүн 50 миң сом ( азыр 80 миң сом);

- юридикалык жактар үчүн 70 миң сом ( азыр 100 миң сом);;

- резидент эместер үчүн 90 миң сом ( азыр 120 миң сом).

 

Эске сала кетсек унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо былтыркы жылдын 1 июнунан башталган.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер