facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

13.07.2023

Бишкекте 7 кг жакын мефедрон менен эки жаран кармалды. Аларды чет өлкөлөрдөгү кураторлор көзөмөлдөп турушкан

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрдү. 

Буга чейин ыкчам кызматкерлер  Кыргыз Республикасына психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен. 

2023-жылдын 17-майында ИИМдин БМЖКККнын, ИИМдин Тергөө кызматынын жана УКМКнын  кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү Нарын облусунун тургуну 2003-жылы туулган М.Ж. менен Талас облусунун тургуну 2002-жылы туулган А.У. кармалган. Анткени алар  Бишкектеги батирине жашыруучу жайы бар 3 даана вибрациялык мотор алып келишкен. Милиция кызматкерлери курулуш вибрациялык маторду текшерүү учурунда андан болжол менен салмагы 5 кг 943 граммды түзгөн 24  таңгактагы «мефедрон» психотроптук затын табышкан. Белгилеп кетүү керек, кармалган жарандардын ишмердүүлүгүн  мессенджер  аркылуу чет өлкөдөн кураторлор көзөмөлдөп турушкан. 

Жогорудагы шектүүлөрдүн жашаган жеринен тинтүү учурунда дагы бир вибрациялык матору табылып, анын ичинен скотч менен таңгакталган 1 кг салмактагы «мефедрон»  психотроптук заты алынган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо)боюнча кылмыш ишин козгогон.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 38 миллион 186 миң 500 сомду түзөт.

Ыкчам кызматкерлердин жана атайын кызматтын биргеликте көрүлгөн аракеттеринин натыйжасында республика боюнча 41 500 дозадан ашык «мефедрон» психотроптук заттын жайылышына бөгөт коюлду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер