facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

12.07.2023

ЖКККББ: Айдоочуларга эскертүү. Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

ЖКККББ: Айдоочуларга эскертүү. Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

Бишкек-Ош авто жолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы К.Колбаев атындагы туннельдин ичинин жолун оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу,  2023-жылдын 12-июлунан  тартып,  18-июлуна чейин, авто унааларды  туннельден өтүү кыймылына   маал-маалы  менен чектөөлөр киргизилет.

Туннельдин  ичин убактылуу  жабуу убактары төмөндөгүдөй:
- 05:00дөн тартып, 08:00гө  чейин;
- 10:00дөн  тартып, 12:00гө чейин;
- 14:00дөн тартып, 16:00гө чейин.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан  алыскы жолго чыгууда,  алдын ала мерчемдеп, зарылчылык болбосо түнкүсүн алыскы жолго чыкпастан, күндүзү жүрүүгө чакырат.  Ошондой эле өздөрүнүн коопсуздугу үчүн, көрсөтүлгөн ылдамдыкты ашырбай,  каршы тилкеге чыкпастан, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

ЖКККББнын  басма-сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер