facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

22.05.2023

Улан Ниязбеков акыркы коңгуроо иш-чарасында коомдук коопсуздуктун камсыздалышы боюнча тапшырмаларды берди

Бүгүн, 22-май күнү ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн өткөрүлгөн онлайн кеңешменин жүрүшүндө республикадагы жалпы орто билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроо иш-чарасы 25-май күнү өткөрүлөрү белгиленди. Ошондой эле, ички иштер органдарынын бөлүктөрү коомдук тартипти сактоо чаралары боюнча комплекстүү иш-чаралар мерчемдери иштелип чыкканы айтылды. 

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков онлайн кеңешменин катышуучуларына кайрылып, ар бир жетекчи өзү жооптуу болгон региондо комплекстүү иш-мерчемден тышкары,  кошумча алдын алуу чараларын уюштуруп, аймактарда жаш өспүрүмдөр катышкан жагымсыз окуяларга, массалык мушташууларга, унаа кырсыктарына, резонанс жараткан фактыларга жол берилбеши керектигин эскертти.

“Мектеп директорлору, билим берүү жана социалдык бөлүмдөр, ата-энелер комитети, жаштар коому менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай терс окуяларды болтурбоо аракеттери көрүлсүн. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактары аркылуу атайын алдын ала эскертүүлөр коомчулукка жеткирилсин. Өспүрүмдөргө автоунаа берүүгө болбой тургандыгы, экскурсия, отуруш жана башка ушул сыяктуу майрамдык иш-чараларга тыюу салынган.
Жалпы эрежелер аткарылбай, жаш өспүрүмдөр жабыркай турган болсо, анда өспүрүмдөргө жооптуу болгон адамдарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлө тургандыгы  билдирилсин. Жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барылсын.

Нөөмөт бөлүмдөрүнө, ыкчам-тергөө топторуна, өспүрүмдөр менен иштеген жана аймактык тескөөчүлөргө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге сапаттуу нускамалар өткөрүлүп, элге жат көрүнгөн окуяларды, кылмыштарды болтурбоого басым жасалсын. Мектептерде, атайын орто окуу жайларда жана алардын айланасында орнотулган видео-камералардын иштөө шарттарын алдын ала карап, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлсүн”,- деди министр Улан Ниязбеков

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер