facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

21.04.2023

Ош милициясы кытайлык кесиптештери менен жолугушту

2023-жылдын 21-апрель күнү Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин Синьцзян-Уйгур автономдуү районунун Коомдук коопсуздук департаментинин делегациясы Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгын начальниги Жеңишбек Джоробеков конокторду Кыргыз Республикасынын аймагына  иш сапары менен келгенине кубанычта экенин билдирди.

Ал өз сөзүндө: « Ош облусу үч өлкө менен чектешет Кытай Эл Республикасы, Өзбек Республикасы, жана Тажик Республикасы. 

Ош облусунун аймагында азыркы учурда Кытай Эл Республикасынын жарандары эмгектенген 6 мекеме ишканалар бар.

Андан сырткары Кара-Суу районунун борборунда жайгашкан “Туратали” борбордук базарында кытайлык жарандар ишмердүүлүк жүргүзүшөт.

Ош облусунда эмгектенген Кытай жарандары негизинен  экономикалык ишмердүүлүк, тоо-кен тармагы  жана соода-сатык  менен алектенишет. Биздин негизги милдет жарандардын коопсуздугун сактоо. Биз билебиз Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ар тараптуу кызматташып келет. Биз Сиздер менен жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуук менен күрөшүүдө бир канча багыттар боюнча бир пикирге келе алдык жана мен ойлойм биздин  кызматташтык мындан ары экстремизм, терроризмдин жайылуусуна бөгөт коюу багытында да тереңдейт. Биз өлкөбүзгө келген  жарандардын анын ичинде туристтердин, коноктордун коопсуздугун сактоодо, ар кандай юридикалык жардам берүүдө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга даярбыз»-деди.

 Өз кезегинде Кытай делегациясынын жетекчиси, Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Коомдук коопсуздук департаментинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы, полиция комиссары Ду Юнь кыргыз тараптын мейман достугуна терең ыраазычылык билдирип: «Ушул жолугушууну уюштурган эки өлкөнүн жогорку жетекчилерине ыраазычылык билдирем. Биз Ош облусун абдан жакшы билебиз.  Сиздердин өлкөдө эмгектенип жаткан биздин жарандардын коопсуздугун сактап жатканыңыздарга биз терең ыраазычылык билдиребиз. Ар бир өлкөдө коопсуздук сакталса экономикалык өсүү да бат болот. Буга чейин Ош, Нарын жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгын кызматкерлери биздин өлкөгө барып, кызматташуу боюнча пикир алмашып келген. Мына жакында эле издөөдө жүргөн биздин жаранды кармап бизге өткөрүп бердиңиздер. Бул эки өлкөнүн тыгыз байланышта кызматташуусунан кабар берет. Мен мындан ары да ар тарптуу   кызматташуу тереңдейт деп ишенем»-деди.

Андан соң келген конокторго эстелик катары улуттук кол өнөрчүлөр тарабынан даярдалган баалуу белектер тапшырылды.Өз учурунда коноктор да ала келген белектерин беришти.

 Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер