facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

02.11.2021

2021-жылдын 9 айында милиция кызматкерлери  мал уурулук менен алектенген 87 кылмыштуу топту кармашты

2021-жылдын 9 айында милиция кызматкерлери  мал уурулук менен алектенген 87 кылмыштуу топту кармашты
2021-жылдын 9 айында милиция кызматкерлери  мал уурулук менен алектенген 87 кылмыштуу топту кармашты

Ички иштер органдары тарабынан туруктуу негизде мүлктүк кылмыштардын, анын ичинде мал уурулугунун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мал уурулук – бул айыл тургундары үчүн чыныгы кырсык, мындай кылмыштуу аракеттерден айыл аймактары эң көп жапа чегүүдө. Мал уурулуктун көйгөйлөрү ар бир жолу көтөрүлүп, кылмыштуулуктун себептери жана ыкмалары айтылып келүүдө. Аймактардын тургундарына мүлкүнүн сакталышы боюнча көптөгөн эскертүүлөр берилгени менен, уурулуктар уланып жатат. Мал уурдоого шарт түзүп жаткан негизги себептердин бири мал ээлери тарабынан көзөмөлдүн жоктугу. Малын кароосуз жайлоого кое берүү менен ээлери аларды көзөмөлсүз калтырып, ар бир жолу малдары өз алдынча кайтып келет деген үмүттө жүрө беришет. Мал уурулар түн жамынып, сарайларга оңой эле кирип, уйларды, жылкыларды, койлорду алып кетишет, көптөгөн малчылар имараттарды жана короо-сарайларды бекемдешпейт, мал багып жаткан аймакты тосушпайт. Дагы бир себеби, уурдалган малдын этин оңой базарга чыгаруу мүмкүнчүлүгү.
2021-жылдын 9 айында республиканын ички иштер органдарынын өндүрүшүндө мал уурулук боюнча 1137 материал болгон. Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында ушул мезгилдин ичинде 2500дөн ашык бодо мал уурдалган, алардын көбү майда мүйүздүү, экинчи орунда бодо мал, андан соң жылкылар.  Бардык фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш  жүргүзүлүп, анын алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мал уурулук боюнча 902 кылмыштын бети ачылган. Ички иштер органдарынын ыкчам бөлүмдөрү тарабынан мал уурдоого шектелген 366 адам кармалып, анын ичинен 60тан ашууну мурда соттолгон. Мал уурдоо боюнча адистешкен 87 кылмыштуу топтун, анын ичинде 187 адамдан турган  кылмыштуу топтун аракеттерине бөгөт коюлуп, алар 274 кылмыштарды жасоого  шектелүүдө. Ички иштер министрлигинин КМКнын  2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ар кайсы аймактарда 30дан ашык кылмышка шектелип, жалпысынан 28 адамдан турган мал уурулук менен алектенген 11 уюшкан топ жок кылынган. 
Талдоо көрсөткөндөй, мал уурулуктардын көбү түнкүсүн болот. Мындан тышкары, уурулар үй ээлеринин сарайларына  тоскоолдуксуз киришкендиктен көптөгөн мал уурулуктары орун алат,   андан соң тез эле изин жашырып кетишет. 
Үстүбүздөгү жылдын 22-24-октябрында ички иштер органдары тарабынан «Мал уурулук» алдын алуу рейддери өткөрүлдү. Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө мал доктурлары жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен биргеликте 70 мал союучу цех, 19  колбаса жасаган цехи, 44 мал базары, ошондой эле эт сатып алуу жана сатуу менен алектенген жарандар, терилерди кабыл алуучулар текшерүүгө алынган. Жүргүзүлгөн рейддик алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгы менен республиканын ички иштер органдары тарабынан 160 кылмыштын бети ачылып, анын ичинен 17 мал уурулук боюнча болуп, мал уурдоого шектелген 9 адам кармалган. Мындан тышкары, ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир нече жолу издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган,  ал мал уурулуктар боюнча 5 фактыга шектелип жатат. 
  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Мүлккө каршы күрөшүү башкармалыгы малдын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылат. Мал багуу үчүн имараттарды бекемдөөнү, дарбазаларга жана эшиктерге кулпуларды жана башка ишенимдүү бекиткичтерди орнотууну,  иттерди багып алууну сунуштат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер