facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

21.02.2023

ИИМ. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Эне тил майрамы менен куттуктайт.

ИИМ. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Эне  тил майрамы менен  куттуктайт.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кыргыз Республикасында жашаган бардык улуттарды бүгүнкү эл аралык Эне  тил күнү  менен чын жүрөктөн куттуктайт! 

Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,
Бабалардан жете келген сыйлыгым.
Тамчы суудай бапестелип сакталган,
Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.
Ар бир адам үчүн өз Эне тили өзүнчө ыйык, өзүнчө улуу. “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” демекчи, дүйнөдө канча улут болсо, ошончо тил бар. Ал эми көп түрдүүлүк, көп маданияттуулук өлкөнүн, дүйнөнүн байлыгы.  
Ар бир улуттун тили алардын руху менен тыгыз байланышта. Ар бир Эне тилдин өзүнчө татаалдыгы, аны менен кошо кызыгы, улуулугу бар.
ИИМдин Басма Сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер