facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.02.2023

Милиция Ала-Бука районунун тургунунан 29 кг ашык баңги затын алды

Милиция Ала-Бука районунун тургунунан 29 кг ашык баңги затын алды
Милиция Ала-Бука районунун тургунунан 29 кг ашык баңги затын алды
Милиция Ала-Бука районунун тургунунан 29 кг ашык баңги затын алды
Милиция Ала-Бука районунун тургунунан 29 кг ашык баңги затын алды

Ала-Бука РИИБдин баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү (БЗМЖКК) тобунун жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин БЗМЖКККнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ала-Бука РИИБдин жетекчилигине билдирме менен кайрылышып, анда Ала-Бука районунун аймагында “У” аттуу жаран өзүнүн жашаган үйүндө баңги затын сактап жүрөт деген маалымат келип түшкөндүгүн билдиришип, маалыматты РИИБдин бирдиктүү реестрине каттап тергөө амалдарын жүргүзүп берүүнү суранышкан. 

Бул факты боюнча материал 2023-жылдын 30-январь күнү Ала-Бука РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш жаза Кодексинин 283-беренесинин негизинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.  

Аталган иш боюнча, тергөө тапшырмасы берилип тергөө тапшырманын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзлүп, Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Теңги айылынын тургуну Ю. У. наркотикалык баңги заттарын жашаган үйүндө сактап жүргөндүгүн такталган.

Кылмыш иши боюнча топтолгон материалдын негизинде Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясына өтүнүч келтирилип, 31.01.2023-жылы  чыккан токтомдун негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Теңги айылынын тургуну 1969-ж.т. Ю.У.нун үйүнө жана короосуна тинтүү жүргүзүлгөн. 

Тинтүүнүн натйыжасында Ю.У.нун үйүнүн тамынын башынан (24,9кг), үйдүн ичинен (3,6кг) жана жер төлөөсүнөн (195,4гр) ар кандай салмактагы наркотикалык затка окшогон өзгөчө кескин жыты бар заттар алынган. 

Мындан сырткары Ю.Унун  апасы жашаган ошол эле айылдагы үйүнүн там башынан 4 (төрт) түп кургатылган  өзгөчө кескин жыты бар наркотикалык затына окшош затты (контролдук таразага тарктан учурда 405 грамм болгон) өзүнүн каалоосу менен өткөрүп берген.  

Жалпысынан аталган даректерден - 29.01 кг болгон  өзгөчө кескин жыты бар наркотикалык затына окшош заттар алынган.
У.Ю. айтуусунда бул наркотикалык заттарды өз үйүнүн короосуна жана талаага өсүп чыккан өзгөчө кескин жыты бар наркотикалык затына окшош затын оруп кургатып койгондугун жана эки жылдан бери өзү колдонуп жүргөн. 

Жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүү Ю.У. тергөө бөлүмүнө камсыздалып, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер