facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.10.2021

Талас ОИИБи 2021-жылдын 9 айынын ишмердүүлүгүн жыйынтыктады

Кечээ 22-октябрь күнү Талас облустук ички иштер башкармалыгы жыйын залында облустук ички иштер органдарынын 2021-жылдын 9 айында аткарган ишмердүүлүгү  жыйынтыктады. Ыкчам кеңешмеге Талас  ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис төрагалык кылып, Талас шаардык жана бардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, кызмат башчылар катышышты.
Кеңешмеде ар бир райондун начальниги доклад берип, өздөрү тейлеген аймактагы кылмыштуулуктун абалы жана аткарган иштери тууралуу баяндашты. Ар бир кызмат башчыларына ишмердүүлүктө жетишкендиктер жана кетирилген кемчиликтери белгиленди.
Укук бузуулардын  алдын алуу боюнча профилактика иштерин күчтөндүрүп, элге жакындан жардам көрсөтүү менен заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу иш-чараларын колго алып, иш-чаралардын жүрүшүн көзөмөлгө алуу керектиги айтылды.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин сапаттуу жана акыйкат тергелишин, калыс мыйзам чегинде чечим кабыл алынуусу, жарандардын  арыз-муңдарын угуп, алардын талаптарын  тийиштүү деңгээлде канааттандырып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу багытында иш-чараларды уюштуруп, ишке ашырылуусун көзөмөлгө алуу керектиги баса белгиленди.
Асанов Марлис: “Облус аймагында жергиликтүү калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, жаңы кадамдар  менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча   ишмердүүлүктү колго алуу керек”-деп тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип өттү. 

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер