facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

12.01.2023

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы өткөн 2022-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 12-январда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын өткөн жылдагы аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов, начальниктин орун басарлары милициянын полковниги Улан Жукенов, милициянын полковниги Канат Айдакеев, милициянын полковниги Канатбек Жумаев , милициянын полковниги Таалайбек Нурбаев жана бөлүм жана кызмат башчылары катышышты.

Жыйында алгач өткөн жыл аралыгында өз кесибинде мыкты ийгиликтерге жетишкен кызматкерлерге «Өз кесибинин мыктысы» номинацияларына ээ болгон кызматкерлерге диплом, сыйлык лентасы жана акчалай сыйлыктар Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев тарабынан тапшырылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан түзүлгөн атайын комиссия бул сыйлыкка татыктууларды карап чыгып, төмөндөгү кызматкерлерди «Өз кесибинин мыктысы» деп тапкан.

Алар:

-милициянын капитаны Козуев Кубанычбек Мамасалиевич, Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүӊүн каракчылык менен кол салуунун жана опузалоонун бетин ачуу бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматери;

-милициянын улук лейтенанты Анарбаев Адылбек Кабылович,

Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү;

-милициянын улук лейтенанты Абдиллакимов Элчибек Абдиллакимович, Ош ШИИБдин ЭММКАКнын ыйгарым укуктуу оперкызматкери;

-милициянын капитаны Өмүрзаков Адилет Султанбекович, Ош ШИИБдин БМЖКККнын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери;

-милициянын майору Нишанов Алтынбек Рахматуллаевич, Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн №1 бөлүмчөсүнүн милициянын улук участкалык уполномоченныйы;

-милициянын капитаны Иманалиев Таалайбек Артыкбаевич,

Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнүн жашы жете электердин иштери боюнча улук участкалык инспектору;

-милициянын капитаны Рысбаев Нургазы Байышович, Ош ШИИБдин КККнын нөөмөт бөлүмүнүн оперативдик нөөмөтчүсү;

-милициянын капитаны Абдуллаев Нурбакыт Жолдубаевич, Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо МБнүн Криминалистикалык кызматынын улук инспектор-криминалисти;

-милициянын прапорщиги Рахманов Азамат Аматбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБПнын №3 батальонунун Ош шаары боюнча атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу оперкызматкер-жоокери;

-милициянын старшинасы Осмонов Сүйөрбек Акылбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгуул кызматынын саптык батальонунун 2-взводунун кенже инспектору.

Ошондой эле, өткөн жылдагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмү «Жылдын мыкты милиция бөлүмү» деп табылып, бөлүмгө Ош ШИИБнын өтмө кызыл туусу , диплом менен акчалай сыйлык тапшырылды.

Жыл мыктыларына Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев бекем ден соолук, кызматтык ийгиликтерди каалап, дайым ушул багыттан жазбай, элге ак дилден кызмат өтөп жүрө берүүлөрүн каалады.

Жыйында каралган экинчи маселе Ош ШИИБнын өткөн жыл аралыгында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү болдү. Жалпы доклад менен Ош ШИИБнын начальнигинин орун басары Улан Жукенов билдирүү жасап, жетекчиликтин айрым маселелер, мурда катталган кылмыштар жана профилактикалык багытта аткарылып жаткан иштер боюнча суроолоруна жооп берди.

Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору тиешелүү жетекчилерден мурда жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын ачылышы,экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү, үй бүлөлүк зомбулуктар, көчө кылмыштары, жаш балдар арасындагы кылмыштуулук, багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу тиешелүү жетекчилерден сурап, айрым кемчиликтерди баса белгилеп өттү. Санариптешүүнү колго алып, бул багытта дагы бир топ аткарууну талап кылган тапшырмаларды койду. Өзгөчө кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту бекем сактоо боюнча каттуу талаптарды койду. «Ар бир арыз менен же, иши түшүп келген жарандардын кайрылуулары жоопсуз, тиешелүү мыйзам чегиндеги чечимдерсиз калбашы керек. Ар кандай шылтоолорду айтып, кайтарып, маслени чечпей создуктуруп жүрө берген кызматкерлерге гана эмес, анын жетекчисине дагы чечкиндүү чара көрүлөт»,-деди министрдин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев. Жыйын учурунда айрым мыкты жетекчилердин дарегине жылуу сөздөрдү айтып, ал эми өз кызматында кетирген кемчиликтери үчүн айрым кызматкерлерге кызматтык жаза берилди.

Жыйында Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев өздүк курамга ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Уланбек Ниязбеков тарабынан Ички иштер министрлигинин өздүк курамына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча коюлган бир нече пункттан турган тапшырмаларды жеткирип, бул тапшырмаларды так жана убагында аткарууну буюрду.

Иш чаранын соӊунда жетекчилик тарабынан Ош ШИИБнын кызматкерлери тарабынан берилген суроолорго жооп берилип, алдыда дагы ИИМ тарабынан кызматтык ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча аткарылып жана мерчемделип жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Ош шаардык ИИБнын Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер