facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

20.10.2021

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери  баңгизаттарды сатуу менен алектенген кылмыштуу топту кармашты

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттар менен алектенген топ аныкталып кармалды.   

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган  кылмыштын белгилери боюнча КЖБРге катталган.  

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ош-Алай трассасынын 5-чакырымында «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү  унаа токтотулган.  

 Аталган автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын багажынан баңгизат салынган баштык, ошондой эле айдоочуга жана 2   жүргүнчүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизаттар табылып алынган. Алынган ооган  гашишинин (чарс) жалпы салмагы 2 килограммдан ашуун болгон.  

Кармалган А.И.,  Т.В. (мурда соттолгондор) жана К.Н. аттуу жарандар Ош шаарынын  №5 тергөө абагына киргизилди. 

Азыркы учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары  жүргүзүлүп жатат.  

 ИИМдин БМЖКККсы системалык түрдө республика боюнча ушундай фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө.

  ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер