facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.11.2022

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата куттуктоосу

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер жана ардагерлер Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдык мааракеси менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Биздин кесип коомдогу эң кооптуу жана таатал кесиптердин бири болуп саналат. Андыктан өлкөнүн бейпилдигин, мыйзамдуулугун жарандардын коопсуздугун сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана жарандарга тынч, бейпил жашоону камсыздоодо алдыбызга коюлган тамшырмаларды так, туура жана жогорку деңгээлде аткарып кызмат өтөп келебиз. Урматтуу кесиптештер ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук жана бакубат жашоону каалоо менен бирге мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө арналган кызматыңыздарды ар дайым чоң жетишкендиктер коштосун.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер