11.10.2022
Мал айдоо иштери Талас РИИБдин көзөмөлүндө
Талас ОИИБдин Талас РИИБнин кызматкерлери тарабынан Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда малдын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алууда.
Талас РИИБдин начальниги милициянын полковниги Артур Иманбеков Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун жээгинде жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жайыт комитетинин өкүлдөрүнө, айылдык кенештин депутаттары, айылдын активдүү элдерине жолугуп жергиликтүү элге үй жандыктарын кечкисин короодо кармашын айтып, малдын катышуусунда кырсыктарды болтурбоого аракеттенүүдө.
Андан тышкары, жол кырсыгына жолдогу мал себеп болгондугун тастыкталса, мал ээсинен транспорт каражатынын ээсине келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтураары талап кылынат. Ошондой эле адам өмүрүнө себеп болсо, кылмыш жоопкерчиликке чейин тартылаарын билдирди. Милиция кызматкерлери айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө айыл өкмөт башчысына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана айылдын активисттерине кырсыктарды болтурбоого биргеликте иш алып барууга чакырды.
Талас ОИИБдин басма сөз кызматы