facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

15.09.2022

КР ИИМ: Эл аралык полиция ассоциациясы Кыргызстан бөлүгүнүн 10 жылдык мааракесин белгиледи

КР ИИМ: Эл аралык полиция ассоциациясы Кыргызстан бөлүгүнүн 10 жылдык мааракесин белгиледи
КР ИИМ: Эл аралык полиция ассоциациясы Кыргызстан бөлүгүнүн 10 жылдык мааракесин белгиледи
КР ИИМ: Эл аралык полиция ассоциациясы Кыргызстан бөлүгүнүн 10 жылдык мааракесин белгиледи

Кыргызстан 10 жылдан бери Эл аралык полиция ассоциациясынын (мындан ары - ЭПА) курамында болуп келген. 
Эл аралык полиция ассоциациясы – БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде өзгөчө статуска ээ жана Европа Кеңеши, Америка мамлекеттеринин уюму жана ЮНЕСКО менен консультациялык статуска ээ, Europol менен кызматташкан эл аралык бейөкмөт уюм.
Ал, өз катарына укук коргоо органдарынын азыркы жана отставкадагы кызматкерлерин бириктирет.
ЭПАнын негизги максаттары жана милдеттери: өз кызматташтарына (мүчөлөрүнө) социалдык жана юридикалык жардам көрсөтүү, ар кандай маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү, ар кайсы мамлекеттердин ардагерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда эл аралык кызматташтыкты жана маданий алмашууну өнүктүрүү, катышуучу өлкөлөрдүн полициясынын алдыңкы тажрыйбасын изилдөө жана жайылтуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын кадыр-баркын жогорулатуу жана милиция менен калктын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу.
КР ЭПАнын мүчөлөрү болуп, Ички иштер органдарында, прокуратурада жана УКМКда олуттуу иш тажрыйбасы бар, укук коргоо органдарынын кадыр-баркын көтөрүү боюнча иштей ала турган тажрыйбалуу, эмгек сиңирген ардагерлер эсептелет.
Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргыз бөлүмүнүн президенти болуп генерал-майор Шейшенбек Байзаков эсептелет.
Генерал-майор Шейшенбек Байзаков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгын, Уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы күрөшүү башкы башкармалыгын жана Баткен облусунун ички иштер башкармалыгын түзүүгө катышкан. Ал, Италияда, Германияда, Англияда, Голландияда, Испанияда, Румынияда жана Россияда уюшкан кылмыштуулукка жана эл аралык терроризмге каршы күрөштү уюштуруу боюнча стажировкадан өткөн.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер