facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

14.10.2021

Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту

Бүгүн, 14-октябрь күнү Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов баштаган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда буга чейинки кызматташтыкты улантуу жана алдыдагы жаңы кадамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Алмазбек Жумабеков ЕККУнун өкүлдөрүнө Нарын облусунун ички иштер бөлүмдөрүн  колдоп, милициянын көчмө кабылдамалары үчүн  унааларды жана техникалык каражаттарды алып бергендиги, бир катар масштабдуу окутууларды, тренингдерди жүргүзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар адамдардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо багытындагы окуу-семинарларды уюштуруп, басма сөз кызматына телекоммуникациялык      колдоо көрсөтүү долбоорлорун сунуштады.

Иш-чарада  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү   Нарын облусунун Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунда иш алып барып жаткан милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү боюнча таанышып, эл менен тыгыз иш алып барып жаткандыгын, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин жеринен угуп тиешелүү жардамдар берилип жаткандагы тууралуу маалымат алышып, аталган автоунаалар боюнча да дагы да жардам көрсөтөөрүн баса белгилешти.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер