facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

14.10.2021

Октябрь Урмамбетов Баткен облусундагы ички иштер бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалы менен таанышты

2021-жылдын 13-октябрь күнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ИИМнин АБПнун Баткен шаарындагы “Шумкар” өзүнчө ротасынын жана ИИМдин №707 аскердик бөлүгүнүн өздүк курамы менен жолугушуп, кызматтык форма менен камсыздалышын, милиция кызматкерлеринин сырткы келбетин, нөөмөт бөлүктөрүнүн, кызматтык бөлмөлөрдүн абалын,  кызматкерлерге көрүлгөн шарттарын текшерип, кышка даярдык, материалдык-техникалык жактан камсыздалышынын абалы менен жакындан таанышты.
Андан сырткары жетекчилерге ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.  Башкы тапшырмалардын бири алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруу, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында жарандардын коопсуздугун камсыздоо даярдыгы эсептелерин айтты. Октябрь Урмамбетов кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так аткарууну, ыкчам-кызматтык, тергөө иштерин жана кылмыштарды алдын алууну күчөтүү керектигин талап кылды.
Андан соң, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан стратегиялык обьект “Головной” участкасында кызмат өтөп жаткан ички аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринин кандай шартта иш алып барып жаткандыгы жана ИИМдин Ички аскерлерине курулуп жаткан жаңы имараттардын курулушу менен таанышты.
Ошондой эле, Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин аскердик бөлүгү менен ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте чек арадагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуусун жана жөө кайгуулду күчөтүү боюнча тапшырмаларды койду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер