facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

26.08.2022

Кызыл-Аскер конушундагы үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө жардам беришкен ИИМдин Республикалык окуу борборунун талапкерлери элдин алкышына арзыды

Кызыл-Аскер конушундагы үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө жардам беришкен ИИМдин Республикалык окуу борборунун талапкерлери элдин алкышына арзыды
Кызыл-Аскер конушундагы үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө жардам беришкен ИИМдин Республикалык окуу борборунун талапкерлери элдин алкышына арзыды

2022-жылдын 25-августунда  болжол менен түнкү саат 03-00дө Кызыл-Аскер конушунун  Чугуев көчөсүнүн № 95 үйүнөн өрт чыгып, ага жакын турган үйгө  болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылган үрөй учурган өрт кырсыгы катталган. Өрт таңкы саат 06-30 убакта жашоочулардын  жана өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен өчүрүлгөн. Жолдун тардыгынан өрт өчүрүүчү машина кире албай, суу өчүрүүчү шлангалары өрт болуп жаткан жерге жетпей турган кезде, ошол жакта батирде убактылуу жашап жатышкан ИИМдин Республикалык окуу борборунун талапкерлери Алмамбет Маматалиев, Кеңешбай уулу Баратали, Мыктыбек Абдраимов  жана Бекболот Гапаралиев аттуу жигиттер өрттун жайылып кетүүсүн алдын алышып, өрттү өчүрүүгө жардам беришкен.  “Адамды кырсык колкодон алып турганда, четте туруп калбай бизге жакындан жардам беришип өрт өчүрүштү. Бул  жигиттер өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, кыраакылыгын көрсөтүп,  эрдик жасашты”,-дешти окуяга күбө болгон жашоочулар. 
Кызыл-Аскер конушунун Чугуев көчөсүнүн жашоочулары тарабынан аты аталган талапкерлерге жана алар билим алып жаткан ИИМдин Республикалык окуу борборунун жетекчилигине ыраазычылыктарын айтышты. “Ушундай эр азамат жигиттерди эр жүрөктүүлүккө, кайраттуулукка тарбиялап жаткандыгына жана бул талапкерлерден коомдун коопсуздугун коргоодо, ички иштер органдарында  келечекте кызмат кылууда өз кесибин сүйгөн кесипкөй мыкты кызматкерлер чыгат  деген терең ишеничтебиз”,-деп өз калоолорун айтышып, келечектеги милиция кызматкерлерине баталарын беришти. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер