facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

20.08.2022

Ноокат районунда социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн жаран кармалды

2022-жылдын 4-август күнү  Ноокат РИИБдин  Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан  Ноокат районунун аймагында атайын жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Ноокат районунун  22 жаштагы  тургуну А. А., аттуу жаран социалдык тармактар аркылуу өзүнө таандык болгон бир нече атайын даярдалган Фейк аккаунттар аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган  экстремисттик уюмдарга тийиштүү аудио жана видео  роликтерди социалдык тармактар аркылуу пропагандалап жана жайылтып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Ноокат РИИБдин  маалыматтык электронуна катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин  332-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарын жүрүшүндө шектүү катары  А.А., атуу жаран Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер