facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

19.08.2022

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү кеңешмесинин жыйынтыктары боюнча маалымат

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү кеңешмесинин жыйынтыктары боюнча маалымат
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү кеңешмесинин жыйынтыктары боюнча маалымат
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү кеңешмесинин жыйынтыктары боюнча маалымат

Өзбекстан Республикасынын төрагалыгынын алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмунда (мындан ары-ШКУ) 2022-жылдын 18-августунда Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйыны болуп өттү.

Өзбек тараптын төрагалыгы астында өткөн кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин, ошондой эле ШКУнун туруктуу иштеп жаткан органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Кеңешмеге ошондой эле ШКУга караштуу байкоочу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде ИНТЕРПОЛ, Уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросу (УККБ) жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Антитеррордук борбору  (КМШ АТБ) өкүлдөрү катышты.

Ачык жана достук кырдаалда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты мындан арыдагы өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгы жөнүндө өз ара кеңири түшүнүүгө жетишти.

Кеңешменин катышуучулары эл аралык аренада күчөп бараткан туруксуздукту жана белгисиздикти эске алуу менен мүчө-мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтери аркылуу ШКУ алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүүгө чакырышты.

Алар терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге, баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатында, ошондой эле ШКУ айланасында тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү баса белгилешти.

Министрлер «Шанхай рухунун» принциптерине ылайык трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында ачык диалогдун жана практикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн бир добуштан колдошту.

Тараптар кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу (Ташкент шаары, 11 - июнь, 2010-жыл), ошондой эле ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин өз ара аракеттенүү линиясы боюнча ШКУнун келишимдик-укуктук базасын андан ары өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.

Кеңешменин катышуучулары Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү кеңешмесин кылдаттык менен даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү боюнча аракеттерин жогору баалашты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, жалпысынан, кеңешме ишкердик жана конструктивдүү жагдайда, достук, өз ара ишеним жана кызматташтык чөйрөсүндө өттү.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер