facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

18.08.2022

ИИМ: Улан Ниязбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Ташкенттеги төртүнчү жыйынына катышууга барды

Бүгүн, 18-августта, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин Өзбекстан Республикасында өтүүчү ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынына катышууга барды. 
Өзбекстан Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмунда төрагалыгынын алкагында 17-18-августта Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйыны өтөт.
Аталган кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин, ШКУга караштуу байкоочу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде Интерполдун, БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын, КМШга катышкан мамлекеттердин жана КМШнын террорго каршы борборунун аймагында Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуулуктун башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүү ишин координациялоо боюнча бюронун делегациялары катышат.
Кеңешмеде эл аралык жана Аймакттык коопсуздук, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана башка маселелер талкууланат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер