facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

17.08.2022

ИИМ: Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, акча алган жалган милиционер кармалды

ИИМ: Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, акча алган жалган милиционер кармалды
ИИМ: Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, акча алган жалган милиционер кармалды
ИИМ: Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, акча алган жалган милиционер кармалды

11-августа ИИМдин Ички иликтөө кызматына Сокулук районунун тургуну З.К. арыз менен кайрылган, анда ички иштер министрлигинде иштеген “Назира” аттуу кызматкерине чара көрүүнү суранган, себеби ал ушул жылдан төртүнчү августунда мас абалында унаасын башкарып жүрүп кармалып Бишкек шаардык ички иштер Башкы башкармалыгына караштуу айып короосуна автоунаасы токтотулган.  Анан ушул ишти оң тарапка чечип берем деп 30 000 (отуз миң сом) акча каражатын алып, бирок айтылган убадасын аткарбай ар кандай шылтоолор менен качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза Кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон жана атайын ыкчам-иш чара жүргүзүлгөн.
2022-жылдын 16-августунда саат 15:50 чамасында  жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Тыналиев жана Түштүк-Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Глобус” соода түйүнүн астынан арыз ээси З.К.га мурда алган 30 000 сомдун 16 000 сомун кайтарып берип жаткан учурда, Бишкек шаарынын тургуну 40 жаштагы Назира С. кармалып, далил буюмдар жана акча каражаттар алынды.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары кармалган Н.С. милицияда тап-такыр иштеген эмес. Учурда кармалган Н.С.  ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди жана тергөөгө тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө. Эгерде кимдир бирөөлөр жогоруда кармалган кылмыш шектүү жарандан кандайдыр бир алдамчылыкка же кылмышка дуушар болгон болсо ички иликтөө кызматына төмөнкү телефон номери аркылуу 0500-892-344 чалып кайрылыңыздар.

Себеби кармалган жаран ушул сыяктуу бир катар алдамчылыкка шектелип жатат. Сиздердин арыз кайрылуууңузду угуп тиешелүү жардамдарын көрсөтөт.

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер