facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

17.08.2022

Ата-энелер ИИМдин кызматкерлерине «Дзержинец» лагеринде эс алууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусунда жайгашкан ИИМдин «Дзержинец» балдар ден-соолугун чыңдоо лагерине, балдарын эс алууга жиберген ата-энелердин атынан Ички иштер министри Улан Ниязбековдун атына көптөгөн ыраазычылык каттары келип түшкөн. 
Ата-энелер, өз каттарында Ысык-Көлдө балдардын эс алуусун уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришкен. Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136-чакырымында Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп жол жабылып, унаа тыгындары пайда болгон. Бирок, ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарышып, узака созулган жол тыгынында унааларды ыңгайлуу жерлерге токтотуп, андан ары барууга тыйуу салып, нормалдуу шарттар жок жерде (дүкөндөр, дааратканалар) тиешелүүлүгүнө жараша балдардын жана жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздап турганын билдиришкен.
Ошондой эле, ата-энелер өз каттарында милиция кызматкерлери көп убакытка созулган унаа тыгынында «Сабырдуулукка үндөп, биздин балдарыбызга камкордук көрүшүтү. Аларга чоң рахмат!» - деп, ыраазычылыктарын билдиришет.
Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүк жана адамдык сапаттарын жогору баалап, ак ниет кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

ИИМдин Басма сөз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер