facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

12.08.2022

Россия Федерациясынан келген туристтер милиция кызматкери Дастан Кубанычбековго ыраазычылык билдиришти

Россия Федерациясынан келген туристтер милиция кызматкери Дастан Кубанычбековго ыраазычылык билдиришти
Россия Федерациясынан келген туристтер милиция кызматкери Дастан Кубанычбековго ыраазычылык билдиришти

Туристтик сезон башталгандан бери биздин өлкөбүзгө жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн көптөгөн туристтер келүүдө. Июнь айынын аягында Россия Федерациясынын жараны, Омск шаарынын тургуну Зайцев Дмитрий Александровичтен ыраазычылык кат келип түшкөн. Ал өзүнүн катында Кыргызстан кереметтүү кооз, меймандос өлкө экендигин белгилеп, андан тышкары милициянын ага лейтенанты Жети-Өгүз РИИБдин ыкчам  кызматкери Кубанычбеков Дастан Кубанычбековичке терең ыраазычылыгын билдирген.

Дмитрий Зайцев өзүнүн катында, алар май айында достору менен эмгек өргүүсүн Кыргызстандан өткөрүү үчүн келип, Ысык-Көл облусунда эс алуу учурунда жол кырсыгына учурап, керектүү иш кагаздарын жана  камсыздандыруу полисин алуу үчүн Дастан Кубанычбековдун көрсөткөн юридикалык жардамы жана адамкерчиликтүү мамилеси үчүн өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирген. Жардам өз убагында жана сапаттуу берилгендиктен  эс алуу мезгили эң мыкты өткөндүгүн белгилеп, милиция кызматкеринин кесипкөйлүгүнө терең ыраазычылыгын билдирген. Ички иштер министрлиги ар бир кесипкөй жана жогорку сапаттарга ээ кызматкерлерин жогору баалап келет. Россия Федерациясынын жараны Дмитрий Зайцевдин өтүнүчүн эске алуу менен Дастан Кубанычбеков министрдин атынан Ыраазычылык кат менен сыйланды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер