facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

12.08.2022

ИИМ: Туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдө жүргөн

ИИМ: Туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдө жүргөн
ИИМ: Туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдө жүргөн

2022-жылдын 8-август күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну 2007-жылы туулган К.А. аттуу ѳспүрүм  таенесине таарынып үйдѳн чыгып кетип келген эмес. Жакын туугандары кызды издеп, анын телефону аркылуу анын кайсыл жакта экенин аныкташып, Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден-соолукту чыңдоочу жайынын директоруна чалып небересин издѳѳсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүсүн ѳтүнгѳн. 
Ал эми, ден-соолукту чыңдоочу жайдын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине маалымат берип, полктун кызматкерлери кыздын таенеси менен телефон аркылуу сүйлѳшүп, кыздын сүрѳтүн алышкан.  2022-жылдын 10-август күнү болжол менен түнкү саат 00:30дар чамасында полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алтынбек Эралиев жана милициянын старшинасы Исмамадин уулу Мелис таенесине таарынып, үйдѳн чыгып кеткен ѳспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан таап,  Чолпон-Ата шаарынын жаш ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын инспекторуна ѳткѳрүп беришкен.
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер