facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

28.07.2022

Ош облусунда “Өспүрүм-эмгек” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө

Кара-Суу РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагында жашы жете электер арасында “Баланын ден -соолугуна коркунуч туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу же болбосо анын ден-соолугуна, дене-тарбиялык, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирген кандай болбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же тартууга тыюу салынгандыгы жөнүндө” мыйзам актыларынын талаптарды боюнча Кара-Суу райондун аймагында “Өспүрүм-эмгек” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан соода сатык, кафе, ресторан, түнкү барлар, компьютердик клубдар, унаа айдоону үйрөтүүчү жайлар жана устаканалар жана курулуш болуп жаткан объектилер текшерилди.

Аталган жерлерде жашы жете элек өспүрүм балдар аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Балдардын эмгекке тартууда жаш курагы боюнча чыгарылган 2012-жылдын 10-июлундагы Кыргыз Республикасынын №100 Балдар жөнүндөгү Кодексинин 15-беренесинде көрсөтүлгөн Балдардын эмгегин пайдалануу боюнча жоопкерчиликтер туурасында түшүндүрүү иштери алынып барылды. Аталган алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан 30 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталды.

Алар боюнча тийиштүү документтери топтолуп, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн балдар комиссиясына жана Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүө сунуш каттар жөнөтүлдү. Мындай иш чара башка аймактарда да улантылууда.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер