facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.07.2022

ИИМ: Милиция кызматкерлери үчүн зомбулуктан жабыркаган аялдарга жана балдарга жардам көрсөтүү боюнча тренинг өткөрүлүүдө

25-29-июль күндөрү Ички иштер министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы жана Ош шаарындагы милиция кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен бекитилген БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2022-2024-жылдарга аялдардын коопсуздукту камсыз кылуудагы ролу жөнүндө резолюциясынын планын ишке ашыруунун алкагында  тренингдер өткөрүлөт.

Тренингдерди өткөрүүнүн максаты чыр-чатактарды алдын алуу, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту болтурбоо, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо максатында жергиликтүү жамааттар жана аялдар уюмдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу, зомбулукту башынан өткөргөн аялдарга жана балдарга жардам көрсөтүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны киргизүү, отчеттуулук, маалымдуулук жана ачыктык аркылуу милицияга болгон ишенимди жогорулатуу болуп саналат.

Ички иштер министрлиги Кыргызстандагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын түздөн - түз уюштуруп координациялоочу орган болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасы өзүнө эл аралык милдеттенмелерди алгандан улам абдан маанилүү”, - деп билдирди ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси, ИИМдин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары Эльмира Исакова.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер