21.07.2022
Ош облустук милициясы 6 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
2022-жылдын 21-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында 6 айдын ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлугү боюнча жыйынтыгы чыгарылды.
2022-жылдын 21-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бѳлүм, кызматтарынын жана Алай,Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгѳн, Ноокат, Чоң-Алай райондук ички иштер бѳлумдѳрүнун жетекчилеринин катышуусунда 6 айдын ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлугү боюнча жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам-кеңешме ѳткѳрүлдү. Ыкчам кеңешмеге Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов тѳрагалык кылды. Жыйын салтанаттуу түрдѳ мамлекеттик гимн менен башталды. Алгач Ош ОИИБдин Уюштуруу-инспекторлук бѳлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Абдырахманова Наргиза Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жана анын түзүмдөрүнүн 2022-жылдын 6 айында жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасап, жалпы жетишкендиктерге, ошондой эле орун алган кемчиликтерге токтолуп ѳттү. Баяндамадан соң ар бир бѳлүмдүн жетекчилиги баяндамада белгиленген кемчилдиктердин себептери жана аларды жоюу боюнча түшундүрмѳ менен жарыш сѳзгѳ чыгышты. Айрым жетекчилерге кызматтагы кетирген кемчилдиктери үчүн тартиптик жазалар берилди. Жыйындын соңунда Ош ОИИБдин начальниги Ж.Абитов Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын так сактоого ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын Ички иштер министрлигинин буйруктарынын талаптарын ѳз учурунда так аткарууну талап кылды. Кызматкерлер арасында кызматтык тартипти сактап жарандардын арыз-даттанууларын кечиктирбестен карап, сервистик кызмат кѳрсѳтүүнү жана ыкчам чараларды кѳрүу боюнча иштерди жандандыруу тапшырмасын койду.
2022-жылдын 6 ай ичинде Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын КБРне 1499(2980) маалымат катталып, өткөн жылга салыштырмалуу -1481 учурга же жалпы кылмыштуулук 49,6% төмөндөгөн.
Ош облусунун аймагында 6 ай ичинде мал уурулук боюнча 104 (былтыркы жылы бул кѳрсѳткүч- 120 түзгѳн) сотко чейинки өндүрүш иштери тергелип,, анын ичинен 86 (былтыркы жылы 100) бети ачылуу менен 82,6 % (83,3%) пайызды түзгөн, 18 (былтыркы жылы 20) кылмыштын бети ачылбай калган. Бардыгы болуп 319 баш мал уурдалган, анын ичинен 269 мал табылып ээлерине кайтарылган, кайтарылбай калган малдын саны 50 түзгөн, тактап айтканда:
-ири мүйүздүү мал – 139 санды түзүп, анын ичинен кайтарылган – 131, табыла элек 8;
- жылкы – 38 санды түзүп, анын ичинен кайтарылган – 27, табыла элек 11;
- майда жандык – 142 санды түзүп, анын ичинен кайтарылган – 111, табыла элек 31;
- эшек – 0, кайтарылганы – 0.
Жалпы уурдалган малдардын баасы 10.485.000 сом, кайтарылганы – 8.873.000 сом, кайтарылбаган зыян 1.612.000 сом түзөт, же 84,6%.
Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы