facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

08.07.2022

Ош облусунун аймагында "Кара-Куурай" аталыштагы иш-чара жүргүзүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 4-10 июлуна чейин  Ош облусунун аймагында "МАК-2022" алдын алуучу иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат. 
Жапайы өскөн кара-куурайды жок кылуу максатында жер жерлердеги милиция кызматкерлери  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иштөө тобун түзүп иш алып барууда.
6-июлда Араван районунун Аля Анаров айыл аймагынын жана Маңгыт айылынын талааларында табигый же атайын өстүрүлгөн баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү табуу жана жок кылуу боюнча 1 гектар жери изилденип, 1 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай орулуп,  өрттөө жолу менен жок кылынды, ошондой эле иш-чара Кара-Суу  районунун Савай, Сарай, Сары-Булак айыл аймактарынын тааласында баңгизаттарды камтыган  өсүмдүктөр 1,7 гектар жерден 2,5 тоннадан ашуун жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.
7- июлда  Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын аймагында табигый же атайын өстүрүлгөн баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү табуу жана жок кылуу боюнча 35 адамдан турган 3 топ түзүлүп 1 гектар жери изилденип, 1 тоннага жакын кара куурай өсүмдүгү өрттөлдү. 

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жер жерлерде баңгизаттарды  камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз айдоону ошондой эле бекитилген жер участкаларында, талааларда, өзүнүн короосунда жапайы өскөн кара-куурайды жок кылуудан баш тарткан жарандарга караштуу короолорду кыдыруу боюнча  иш-чаралар жүрүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер