facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.07.2022

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы аспирантурага жана докторантурага кабыл алууну жарыялайт!!!

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы аспирантурага жана докторантурага кабыл алууну жарыялайт!!!

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы адъюнкт катары (сырттан окуу формасында)  жана докторант катары (дистатанттык)  илимий жана илимий -педагогикалык кадрларды даярдоону камсыз кылат.
Окуу мөөнөтү: 
-    адьюнктурада (сырттан окуу формасында)-4 жыл.
-    докторантурада  (дистанттык) – 5 жыл.
ИИМдин Академиясынын Илимий жана илимий - педагогикалык кадрларды даярдоо факультетине жогорку юридикалык билими бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан, ички аскерлеринен талапкерлер кабыл алынат. Докторантурага илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар талапкерлер кабыл алынат.
Адьюнктурага жана докторантурага тапшырып жаткан талапкерлердин бир жылдан кем эмес илимий-педагогикалык жана практикалык иш стажы бар болуусу шарт. 
ИИМдин Академиясына адьюнктурага жана докторантурага тапшыруу үчүн төмөндөгү документер талап кылынат:
1.    ИИМдин Академиясынын начальнигинин атына жетекчиси менен макулдашылган билдирме;
2.    Жогорку билимин тастыктаган дипломунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3.    Илимдин кандидаты илимий даражасын же философиянын доктору (PhD) (чет өлкөдө билим алган алгандар, анын ичинде КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жарандары үчүн тиешелүү дипломдун көчүрмөсү, ошондой эле алардын билими жөнүндө документтеринин Кыргыз Республикасынын жогорку билими жөнүндө дипломуна барабар экендиги жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү) академиялык илимий даражасын ыйгарган диломдун нотариалдык күбөлөндүргөн көчүрмөсү;
4.    Ар бир бөлүм боюнча докторлук изилдөөнүн кеңири мерчеми;
5.    Жарыяланган илимий эмгектеринин тизмеси,  монография түрүндөгү да (эгер бар болсо),   докторлук ишинин темасына тиешелүү ойлоп табуулары жана патенттери;
6.    Кадрларды эсепке алуунун жеке баракчасы,  4х6 өлчөмүндөгү сүрөтү (кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
7.    Автобиография;
8.    Мөөр басылган кызматтык мүнөздөмө;
9.    ИИМдин бейтапканасынан берилген №0/86 медициналык маалымдама, (жарандык талапкерлер болсо – жашаган жериндеги бейтапкана);
10.    Адьюнтурага тапшырып жаткандардын жарыяланган илимий иштеринин көчүрмөлөрү (бар болсо);
11.    Тандаган илимий адистиги боюнча реферат;
12.     Окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн жана окуу жайды аяктагандан кийин дароо аспирантурага сунушталган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Окумуштуулар кеңешинин отурумунун протоколунан көчүрмө;
13.    Кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндөгү күбөлүктөр (эгер абитуриент башка окуу жайларында кандидаттык экзамендерди тапшырса).
Башка мамлекеттерде кандидаттык экзамендерди тапшырган талапкерлер  үчүн 
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген кандидаттык экзамендерди тапшыруу жөнүндө берилген документтин жарактуулугу жөнүндө маалымдама;
-  3х4 – 4 даана сүрөт;
Сабактар календардык жылдын 1-октябрында башталат.
Сурап билуу учун телефон:0312 632154, 0312 631731.

Пайдалуу шилтемелер