facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.07.2022

ИИМ: Улан Ниязбеков Аксы районунун жашоочулары менен жолугушту

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана  жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн Ички иштер министри Улан Ниязбеков Аксы районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков жана  тиешелүү тармактарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар келген.  

Бүгүнкү жолугушуу учурунда Аксы районунун тургундары өздөрүнүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөрүн айтышып,  Улан Ниязбековдон мыйзам чегинде чечип берүүсүн суранышты. Жолугушуу учурунда жергиликтүү  бир тургун  жакындарынын бири өзүнө-өзү кол салды деген фактыны ыкчам жана акыйкат тергеп берүүнү суранды.

Андан сырткары, жолугушууда  бир катар башка маселелер дагы талкууга алынды. Жарандар чөп чабык учурунда машиналар чөптөрдү тепсеп жатканын, жайыт маселеси чечилбегенин, суу каналдарын оңдоо жана куруу керектигин, жергебизде жарандар мал чарбачылыгы менен алектенип жаткандыктан ушул жакка да көңүл буруп коюну, жер үлүштөрүн пайдаланууда  көйгөйлөр бар экенин, Кызыл-Капчыгай айылында таза суу жок экенин,  жолдорду оңдоо керектигин, маданият тармагындагы жана айыл өкмөттөгү кызмат орундар боюнча кемчиликтерди, жаңы келген дарыгерлердин маяналарынын аздыгын айтышып, бул маселелерге дагы көңүл бурууну баса белгилешти.    

Аксыда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган тескөөчүлөр аз болгондугуна байланыштуу, жарандар Улан Ниязбековдон штаттык бирдик кошуп берүүсүн айтышып, бул райондо мурда 3000 унаа болсо, азыр 10 миңдей унаа бар экени, кызматкерлер жетишпей жатканын кошумчалашты.  Өз кезегинде Улан Ниязбеков бул маселени кыска убакыттын ичинде чечип берүүнү убадалады.

 Элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы Борбордон келген жетекчилер айтылган ар бир маселе жагдайына жараша калыс жана акыйкат чечиле тургандыгын убада кылышты.

Негизинен аталган жолугушуулар элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө арналгандыгын белгилейбиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер