facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

05.07.2022

Таластагы жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор бир катар окутуулардан өттү

Талас облусунун 37 айыл өкмөтүндө иш алып барган жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор медиасабаттуулук, жаш өспүрүмдөр менен эффективдүү байланыш түзүү жана жаштар менен иш алып баруудагы интерактивдүү ыкмалар боюнча окутуудан өтүштү.

Жыйынтыгында алдын алуу иш-чараларын жер-жерлерде өткөрүү  үчун кеңсе буюмдары, видео–роликтер, презентациялар камтылган флешкалар жана кызыктуу оюндарды өткөрүү үчүн жабдуулар Талас облустук ИИБ таршырылды.

“Азыркы коомдо жаштар менен иш алып баруу татаал жана жаңыча методдордорду талап кылууда. Ошондуктан милиция кызматкерлери дайыма изденүү үстүндө болуп, жаңы билим алууга даяр болуусу зарыл. Алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө жаштардын өзүн тартуу, кызыктуу форматтарды колдонуу жакшы натыйжа бере тургандыгын практикада көрүп жатабыз. Мындай окутууларды байма-бай өткөрүп турууну колдойбуз” – деп билдирди  Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башкармалыгынын начальниги Нуржан Адылова.

Аталаган иш чара “Тынчтык жана өнүгүү институту” коомдук фонду тарабынан Ички иштер министрлиги  менен кызматташтыкта тынчтык клубдарынын уюштуруусунда  ишке ашырылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер