facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.07.2022

ИИМ: Милициянын генерал-майору Чыныбек Алиевдин жаркын элесине арналган футзал кубогу жыйынтыкталды

2022-жылдын 1-июлунда ИИМдин “Динамо” спорттук комплексинде милициянын генерал-майору Чыныбек Алиевдин жаркын элесине арналган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында футзал боюнча кубок жыйынтыкталды. Жалпы республика боюнча келген ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында өткөн кубоктун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу үчүн ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги Алишер Барпиев ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын кесиптик даярдоо жана дене тарбия башкармалыгынын начальниги Мамадалы Шакиров, ошондой эле “Динамо” коомдук бирикмесини биринчи орун барасы Төрөкул Мадалиев катышып, сыйлыктарды өз ээлерине тапшырды.

Жалпы жыйынтык боюнча биринчи орунду ИИМдин Ички аскерлеринин командасы жеңип алды. Экинчи орунга Нарын ОИИБден келген курама команда татыса, үчүнчү орунду Ош ОИИБден келген курама команда ээледи. Жеңүүчүлөргө кубок, ардак грамота жана медалдар ташырылды. Андан сырткары жеке жетишкендиктери үчүн да бир катар кызматкерлер сыйлынды.

Сыйлык тапшыруу аземине келген катышуучулар жана маркумдун үй-бүлөсү мыкты оюн көрсөткөнү үчүн командаларга ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, кубок 29-июнда башталып, оюндун салтанаттуу ачылышына ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов келип катышкан.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер