23.06.2022
Таласта милициянын жетекчилери күжүрмөн даярдыкта
КРнын ИИМдин буйругу менен ИИМдин кадрлар башкы башкармалыгынын атайын даярдалган кызмат башчылары Талас облустук ички иштер органдарындагы жетекчилик курамынын кара күчүн, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды колдонууда жана билим деңгээлинин кесиптик жарактуулугун текшерүүдө.
Талас ОИИБдин жетекчилиги, кызмат башчылары, аймактарда РИИБдин начальниктери, орун басарлары ок атуу ченемдерин, дене-бойлук даярдыгы боюнча жана теориялык билимин текшерүү процесси жүрүп жатат. Бул иш чара “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жана КРдагы ИИМ кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын чыңдоо максатында өтүүдө. Жетекчилер ок атуу, ок атуучу куралды колдонуу, спорттун түрлөрү боюнча зачетторду тапшырып, теориялык тесттерден өтүп, өздөрүнүн ыкчам-физикалык, интеллектуалдык атайын даярдыктарын көрсөтүүдө. КРнын ИИМдин кадрлар башкы башкармалыгынын кызмат башчыларынын көмөгү менен милиция кызматкерине таандык жана милдеттүү болгон күжүрмөн жөндөмдүктөрүн жогорулатууда.
Талас ОИИБдин басма сөз кызматы