facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.10.2021

ИИМ: Октябрь Урмамбетовдун Талас облусундагы эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 2021-жылдын 6 жана 7-октябрь күндөрү Талас облусуна болгон иш сапарында Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас райондорунун жана Талас шаарынын ички иштер бөлүмдөрүн кыдырып, уюштуруучулук иштерин,  кызмат өтөөлөрүн жана алдыга коюлган кызматтык тапшырмаларды аткаруу даярдыктарын текшерип, өздүк курамды саптык кароодон өткөрүп, нөөмөт бөлүктөрүнүн иши менен таанышып, иш бөлмөлөрү, убактылуу кармоочу жайдын абалы менен таанышып чыкты.  
Ар бир райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамына билим деңгээлдерин жогорулатуу боюнча дайыма аракет керектиги, элдин милицияга  ишеничин арттыруу багытында дайыма иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи.
Иш-сапарынын жүрүшүндө райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн имаратынын жана кызматтык авто унаалардын абалдары менен таанышты.
    Өздүк курам менен жолугушуу учурунда, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан азыркы учурда милиция кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдады.
Аймактык бөлүктөрдүн өздүк курамы менен жолугушуу учурунда ички иштер органдары аткара турган маанилүү тапшырмаларды, анын ичинде алдыда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди аткарууну тапшырды.  Эң башкы талаптардын бири шайлоо тилкелеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү экендигин билдирди. 
Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жакшыртуу, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, экстремисттик көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча чараларды көрүү, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди сапаттуу  уюштуруу, ыйгарылып берилген аймакта укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо,  милициянын коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, мыйзамдуулукту сактоо, өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы айтылды.  
Ошонл эле учурда, Коронавирус илдетине чалдыкпоо үчүн алдын алуу  иштерди уюштуруу зарылчылыгын, аны менен бирге кызматкерлер өзүн жеке коргонуу эрежелерин сакталышын талап койду.
Ошондой эле, аймактык инспекторлор өздөрү тейлеген аймактарда толук камдуу калктын маселесин чечип, ыкчам түрдө укуктук болобу, социалдык болобу маселелерин чечүүгө чараларды көрүүгө көңүл буруп, бул багытта иш алып баруусу кылмыштуулукту алдын алуу боюнча олуттуу мааниге ээ болооруна баса белгилеп кетти.
Муну менен бирге, Облустук ички иштер башкармалыгынын Ички иликтөө кызматына милиция кызматкерлеринин моралдык психологиялык абалы менен таанышып, зарыл болгон учурларда жардам көрсөтүүбоюнча тапшырмалар коюп, ошол эле учурда кызматкерлер тарабынан кызматтык тартип бузуу фактысы катталса катуу чара көрүүлүүсүн талап койду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер