facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

15.06.2022

Милициянын көчмө кабылдамасы Манас ордосунда

Талас РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Манас ордо улуттук комплексинде профилактикалык иштерди алып барышууда. Туристтик сезонго карата туристтик аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын  ИИМдин  жана Талас ОИИБи  тарабынан   буйруктар иштелип чыгып,  анын негизинде туристтик сезонго байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү тапшырмалары берилген. Талас районунда жайгашкан Манас ордо улуттук комплексине чет өлкөдөн жана башка аймактардан  туристтер  байма-бай келип турушат. Милиция кызматкерлери  ошол комплексте иштеген жана тейлөө көрсөткөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ар бир келген жаранга меймандостукту, жогорку маданиятты көрсөтүү керектиги жана аларга жакшы таасир калтыра тургандай мамиле кылуу керектиги айтылды. Ал эми коноктор менен дагы жолугуулар болуп, аларга укуктары жана коомдук жайда жүрүү эрежелери эскертилди.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер